Купуялык саясаты
Бул котормо маалымат үчүн гана берилет — юридикалык күчкө документтин орус тилиндеги тексти ээ.
1. Жеке маалыматтарды иштетүү саясаты (мындан ары – Саясат) «Тамлер» ЖЧК, СТИН 00502202110266, дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Лебединовка айылы, Береговая көчөсү, 1-үй (мындан ары – Компания) менен tamler.shop сайтынын (тиркемесинин) Колдонуучусунун (мындан ары - Колдонуучу) ортосундагы жеке маалыматтарды иштетүү боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат.
«Колдонуучу» деп Компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнө буйрутма берүүнү, комментарий калтырууну, веб-сайтта катталууну же Компаниянын интернет-ресурсунун функционалында каралган башка аракеттерди жасоону каалаган, 18 жашка толгон аракетке жөндөмдүү жеке жак түшүнүлөт.
«Сайт» же «Компаниянын Интернет-ресурсу» деп Компанияга таандык болгон, домендик аталыштардын бардык деңгээлдерин эске алуу менен tamler.shop веб-сайты (тиркемелери) түшүнүлөт.
«Жеке маалыматтар» деп түздөн-түз же кыйыр түрдө аныкталган же аныкталуучу жеке жакка (жаранга) тиешелүү ар кандай маалымат түшүнүлөт.
«Жеке маалыматтарды иштетүү» деп автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жеке маалыматтар менен жасалуучу ар кандай аракет (операция) же аракеттердин (операциялардын) жыйындысы түшүнүлөт. Мындай аракеттерге (операцияларга) төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: жеке маалыматтарды чогултуу, алуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), чыгарып алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (таратуу, берүү, жеткиликтүүлүк), анонимдештирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу.
2. Ушул Саясат tamler.shop сайтынын (тиркемесинин) (мындан ары – Сайт) колдонуучуларынын жеке маалыматтарын иштетүүнүн тартибин, жеке маалыматтарды иштетүүнүн шарттарын жана принциптерин, Колдонуучулардын укуктарын жана Компаниянын милдеттерин, иштетилүүчү жеке маалыматтарды коргоо боюнча ишке ашырылуучу чаралар жөнүндө маалыматтарды аныктайт.
3. Ушул Саясат Компания Колдонуучулардан алган бардык жеке маалыматтарга карата колдонулат.
4. Колдонуучу ушул Саясатка Сайттагы консультацияга суроо-талап жөнөтүү, жазылуу, буйрутма жөнөтүү же Сайттын функционалында каралган башка аракеттерди жасоо сунушу бар атайын талаага өзүнүн атын, телефон номерин, ал эми зарыл болгон учурда – электрондук почтасынын дарегин (e-mail) киргизүү жана андан кийин «Жөнөтүү», «Консультация суроо» же башка баскычтарды басуу аркылуу макул болот.
Саясаттын шарттарына макул болбогон учурда Колдонуучу Сайтты ар кандай пайдаланууну дароо токтотууга тийиш.
5. Сайттын функционалын пайдаланууда Колдонуучу Компанияга төмөнкү жеке маалыматтарды бере алат (жеке маалыматтардын тизмеси жана түрлөрү Колдонуучу пайдаланган интернет-ресурстун конкреттүү функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот): фамилиясы, аты, электрондук почтасынын дареги, байланыш телефонунун номери, колдонуучунун идентификациялык маалыматтары (user ID).
6. Өзүнүн жеке маалыматтарын берүү менен Колдонуучу Компания тарабынан аларды Колдонуучуга жарнамалык, маалымдама маалыматты, Сайттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык сервистерди берүү максатында жана ушул Саясаттын 8-пунктуна ылайык башка максаттарда иштетүүгө, анын ичинде чогултууга, сактоого, анонимдештирүүгө, Саясатта каралган учурларда үчүнчү жактарга берүүгө (Колдонуучу жеке маалыматтарды иштетүүгө өзүнүн макулдугун кайтарып алганга чейин) макул болот. Жеке маалыматтарды иштетүүдө Компания Европа Биримдигинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламентинин (General Data Protection Regulation) жоболорун эске алуу менен «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларын жана локалдык ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
Колдонуучу берген жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук, эгерде колдонуудагы мыйзамдарда башкача каралбаса, мындай макулдук берилген күндөн тартып иштетүүнүн максаттарына жеткенге же Колдонуучу макулдугун кайтарып алганга чейин колдонулат.
Колдонуучу каалаган убакта Компанияга берген макулдугун ушул Саясатта белгиленген тартипте кайтарып ала алат.
7. Эгерде Колдонуучу жеке маалыматтар толук эмес, так эмес же актуалдуу эмес болгон учурда аларды тактоону кааласа, же жеке маалыматтарды иштетүүгө өзүнүн макулдугун кайтарып алууну кааласа, Колдонуучу Компанияга «Жеке маалыматтарды тактоо» же «Жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотуу» деген темадагы расмий суроо-талапты tamler@tamler.shop электрондук почта дарегине жөнөтүүгө тийиш. Катта өзүнүн электрондук дарегин жана тиешелүү талапты көрсөтүү зарыл.
8. Компания Колдонуучу берген маалыматтарды төмөнкү максаттарда пайдаланат:
8.1. Колдонуучуну Сайтта каттоо жана идентификациялоо, Колдонуучуга Сайтты толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;
8.2. Колдонуучунун өтүнмөсү боюнча андан аркы байланыш, анын ичинде Колдонуучунун өтүнмөсү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн үчүнчү жактар – Компаниянын өнөктөштөрү тарабынан, Компания тарабынан кызмат көрсөтүү маселелери боюнча консультация берүү;
8.3. аккаунт түзүү жана өнөктөш-сайттарда өзүнүн эсептик жазуусуна/аккаунтуна жеткиликтүүлүк берүү;
8.4. маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүү;
8.5. товарларды, иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) жарнамалоо, илгерилетүү, анын ичинде Колдонуучунун жеке артыкчылыктары жана жөндөөлөрү жөнүндө алынган маалыматтын негизинде;
8.6. Компаниянын Сайтынын ишин баалоо жана талдоо;
8.7. жарнама жайгаштыруунун натыйжалуулугун талдоо, Колдонуучу берген анонимдештирилген маалыматтын негизинде статистикалык изилдөөлөр;
8.8. Колдонуучуга акциялар, арзандатуулар жана атайын сунуштар жөнүндө электрондук почта, телефон байланышы боюнча таркатмалар аркылуу маалымдоо;
8.9. маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде үчүнчү жактарды пудрачы (аткаруучу, консультант) катары тартуу менен;
8.10. Колдонуучуга кредиттерди берүү жана/же кредиттөө шарттарын макулдашуу боюнча өнөктөш-банктар менен байланыш жүргүзүү.
9. Компания Колдонуучу берген же көрсөткөн маалыматтарды текшербейт. Ушуга байланыштуу Компания жеке маалыматтарды берүүдө Колдонуучу төмөнкүдөй деп эсептейт:
9.1. аракетке жөндөмдүү жак болуп саналат. Сайтты пайдаланган жак аракетке жөндөмсүз болгон учурда жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту мыйзамдуу өкүл берет.
9.2. өзү жөнүндө (же өзү өкүлдүк кылган аракетке жөндөмсүз жак жөнүндө) анык маалыматты көрсөтөт. Колдонуучу берилген жеке маалыматтарды өз алдынча актуалдуу абалда кармайт.
9.3. берилген жеке маалыматтарды өз алдынча актуалдуу абалда кармайт.
9.4. Колдонуучу Сайтка жайгаштырган маалымат башка адамдар үчүн жеткиликтүү болуп калышы, Саясатта каралган учурларда мындай колдонуучулар тарабынан көчүрүлүшү же таратылышы мүмкүн экенин түшүнөт.
10. Компания жеке маалыматтарды төмөнкү принциптердин негизинде иштетет:
10.1. мыйзамдуулук;
10.2. жеке маалыматтарды иштетүүнү конкреттүү, алдын ала аныкталган мыйзамдуу максаттарга жетүү менен чектөө;
10.3. Колдонуучудан алынган маалыматтарды чогултуунун жана/же сактоонун максаттарына шайкеш келбеген жеке маалыматтарды иштетүүгө жол бербөө;
10.4. иштетилүүчү жеке маалыматтардын мазмунунун жана көлөмүнүн аларды иштетүүнүн максаттарына шайкеш келиши;
10.5. иштетүүнүн максаттарына карата ашыкча маалыматтарды иштетүүгө жол бербөө;
10.6. иштетүүнүн максаттарына карата жеке маалыматтардын тактыгын, жетиштүүлүгүн жана актуалдуулугун камсыз кылуу;
10.7. маалыматтарды иштетүүнүн максаттарына жеткенде, мындай иштетүүнүн зарылдыгы жоголгондо же Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу жөнүндө талап алынганда же жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу жөнүндө арыз келип түшкөндө, жеке маалыматтарды алардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында жок кылуу же анонимдештирүү.
11. Компания жеке маалыматтарды иштетүүдө жеке маалыматтарды аларга укуксуз жеткиликтүүлүктөн, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка укукка каршы аракеттерден коргоо үчүн зарыл жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштетүү Компания тарабынан төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
11.1. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштетүү Кыргыз Республикасынын аймагындагы маалыматтар базаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
11.2. Жеке маалыматтарды иштетүү автоматташтырылган каражаттарды пайдалануу менен да, аларды пайдаланбастан да жүзөгө ашырылат.
11.3. Компания Колдонуучудан алынган маалыматты ушул Саясатта атайын эскертилген учурлардан тышкары үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет.
Колдонуучулардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга - Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгон учурда Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу максатында Колдонуучулардын макулдугунун негизинде жүзөгө ашырылат.
11.4. Компания, ал эми Колдонуучулардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга - Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгон учурда бул жактар, эгерде колдонуудагы мыйзамдарда жана/же ушул Саясатта башкача каралбаса, жеке маалыматтарды сыр катары сактоого, Колдонуучунун макулдугусуз ачыкка чыгарбоого жана таратпоого милдеттенишет.
11.5. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүзөгө ашырылат, ал эми Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу максаттары үчүн жеке маалыматтар чыгарылып алынгандан кийин материалдык алып жүрүүчүлөрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
11.6. Жеке маалыматтарды сактоо Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн объективдүү зарыл болгон мөөнөттүн чегинде жүзөгө ашырылат жана төмөнкү окуялар менен аныкталат (кайсы окуя мурда болоруна жараша):
11.6.1. Колдонуучу жеке кабинет аркылуу жеке маалыматтарды өчүргөнгө чейин;
11.6.2. Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу жөнүндө талап же аларды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу келип түшкөнүнө байланыштуу Компания жеке маалыматтарды жок кылганга чейин;
11.6.3. Колдонуучунун макулдугунун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин.
11.7. Компания маалыматтарды жок кылуу жөнүндө талап же маалыматтарды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу алынган учурлардан тышкары, Колдонуучунун жеке маалыматтарын Колдонуучунун алдындагы милдеттенмелерди аткаргандан кийин ушул Саясаттын 8.7-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн анонимдештирилген түрдө сактоого укуктуу.
12. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын Саясатта түздөн-түз каралган учурларда үчүнчү жактарга – Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгондо, мындай берүү төмөнкү шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылат:
12.1. үчүнчү жак – Компаниянын өнөктөшү жеке маалыматтарды иштетүүдө жана пайдаланууда алардын купуялуулугун камсыз кылат жана маалыматтарды башка жактарга ачыкка чыгарбоого, ошондой эле Колдонуучулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз таратпоого милдеттенет;
12.2. үчүнчү жак – Компаниянын өнөктөшү жеке маалыматтарды иштетүүдө алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча төмөнкү чаралардын сакталышына кепилдик берет: маалыматты коргоо каражаттарын пайдалануу; жеке маалыматтарга уруксатсыз жеткиликтүүлүк фактыларын аныктоо жана каттоо жана жеке маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү; жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектөө; жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонулуучу чаралардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана баалоо, мыйзамдарда каралган башка чаралар;
12.3. үчүнчү жакка – Компаниянын өнөктөшүнө Колдонуучулардын жеке маалыматтарын берүүгө жана таратууга тыюу салынат.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздүү жана колдонулуучу талаптарына ылайык маалыматты берүү, ошондой эле Компания тарабынан Колдонуучунун алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн Компания менен келишимдин (макулдашуунун) негизинде иш алып барган өнөктөштөргө маалымат берүү; Компания тарабынан Компаниянын Сайтынын ишин баалоо жана талдоо, жеке сунуштамаларды берүү, Колдонуучунун жеке артыкчылыктарынын жана жөндөөлөрүнүн негизинде жарнамалык жарыяларды көрсөтүү, ошондой эле маркетингдик, аналитикалык жана/же статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында Колдонуучу жөнүндө маалыматтарды анонимдештирилген түрдө үчүнчү жактарга берүү ушул Саясатта каралган милдеттенмелерди бузуу болуп эсептелбейт.
14. Компания «cookies» («куки») технологиясын колдонууга укуктуу. Cookies - бул Сайтты пайдалануу процессинде Колдонуучунун түзмөгүнө орнотулган программалык камсыздоонун жардамы менен Компанияга автоматтык түрдө берилүүчү маалыматтар, анын ичинде IP-дарек, географиялык жайгашкан жер, браузер жана Колдонуучунун түзмөгүнүн операциялык системасынын түрү жөнүндө маалымат, Колдонуучу пайдаланган жабдуулардын жана программалык камсыздоонун техникалык мүнөздөмөлөрү, Сайтка кирүүнүн датасы жана убактысы.
«Cookies» файлдары купуя маалыматты камтыбайт. «Cookies» файлдары Колдонуучунун артыкчылыктарын жана жөндөөлөрүн эстеп калуу үчүн, ошондой эле Сайтка кирүүлөр жөнүндө аналитикалык маалыматтарды чогултуу үчүн колдонулат. Сайтты пайдалануу Колдонуучу бардык «cookies» файлдарын жана Сайтка кирүүлөр жөнүндө аналитикалык маалыматтарды колдонууга, ошондой эле аларды үчүнчү жактарга берүүгө макул экенин билдирет.
15. Компания Колдонуучунун IP-дареги жана ал кайсы интернет-сайттан шилтеме аркылуу келгени жөнүндө маалыматты алат. Бул маалымат келүүчүнүн инсандыгын аныктоо үчүн колдонулбайт.
16. Колдонуучу Компаниядан өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө тиешелүү маалыматты алууга укуктуу. Компания Колдонуучуга же анын өкүлүнө Колдонуучуга тиешелүү жеке маалыматтар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн акысыз берет.
Маалыматтардын толук эместиги, так эместиги же актуалдуу эместиги аныкталган учурда Компания Колдонуучунун маалыматынын негизинде Колдонуучунун жеке маалыматтарына 7 (жети) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө зарыл өзгөртүүлөрдү киргизет жана Колдонуучуга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.
Эгерде Колдонуучу же анын өкүлү Компанияга анын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алуу же иштетүү фактысын, ошондой эле анын жеке маалыматтары менен жасалган аракеттердин иштетүүнүн максаттарына шайкеш келбегендик фактысын тастыктаган далилди берсе, Компания 7 (жети) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Колдонуучунун мындай жеке маалыматтарын жок кылууга жана Колдонуучуга көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттенет.
17. Компания төмөнкү учурларда Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүнү токтотууга же үчүнчү жак – Компаниянын өнөктөшү тарабынан иштетүүнүн токтотулушун камсыз кылууга милдеттенет:
17.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын укукка каршы иштетүү аныкталганда;
17.2. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун кайтарып алганда;
17.3. Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу жөнүндө талап алынганда;
17.4. жеке маалыматтарды иштетүүнүн максатына жеткенде.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурлар келип чыкканда Компания жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотот жана, эгерде мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе, 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөттө маалыматтардын жок кылынышын камсыз кылат.
Колдонуучунун жеке маалыматтарын көрсөтүлгөн мөөнөттө жок кылуу мүмкүн болбогон учурда Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын бөгөттөйт жана алардын мыйзамдарда белгиленген, бирок 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөттө жок кылынышын камсыз кылат.
18. Компания үчүнчү жактардын – Компаниянын Өнөктөштөрүнүн тизмесин өз алдынча аныктайт жана аны Колдонуучуларга бардык жеткиликтүү ыкмалар менен, анын ичинде Сайтта жарыялоо аркылуу жеткирет.
19. Компания ушул Саясатка каалаган убакта өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Саясаттын актуалдуу тексти Сайтта жайгаштырылат.
20. Саясаттын жаңы редакциясы жарыялангандан кийин Сайтты же анын сервистерин пайдаланууну улантуу Колдонуучунун Саясатты жана анын шарттарын кабыл алганын билдирет.
Саясаттын шарттарына макул болбогон учурда Колдонуучу Сайтты жана анын сервистерин пайдаланууну дароо токтотууга тийиш.
21. Ушул Саясат жана/же жеке маалыматтарды иштетүү боюнча бардык суроолор Компаниянын электрондук почтасынын дарегине жөнөтүлөт: tamler.shop.
Компания жөнүндө маалымат:
«Тамлер» ЖЧК
СТИН: 00502202110266
ОКПО: 29349462
Юридикалык дареги: КР, Чүй облусу, Лебединовка айылы, Береговая көчөсү, 1-үй
Тел.: + 996 550 331282
Башкы директор Горишняк М.М.